7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Гансудагы кыргыз студенти Айдана Кытайдагы билим берүүнүн талаптарын, жазаларын айтып берди

1645

Билим агымы менен дүйнөнүн булуң-бурчунда окуп жүргөн мекендештерибиздин саны күн санап өсүүдө. Алардын катарында бүгүнкү каарманыбыз Айдана да бар. Ал Кытайдагы билим берүү, окутуу методикасы, чет өлкөгө кантип тапшыруу керектиги жана башка суроолордун тегерегинде кеп курдук.

-Саламатсызбы! Айдана. Алгач таанышып алалы, өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз.

-Атым Айдана, жашым 21де. Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында туулгам. Азыркы учурда Кытай эл республикасы дагы  провинциясындагы Ланчжоу шаарында жайгашкан Түндүк-Батыш Педагогикалык университетинде Эл аралык маданий алмашуу адистигинде 3-курста окуп жатам.

-Эмне себептен билим алууда Кытай мамлекетин тандадыңыз?

-Мен кичинекей кезимде Кытай кинолорун көп көрчүмүн. Мисалы, «Жеки Чан», «Брюс Ли», «Кун Фу» жана башка кинолор. Ошол убакта кино көрүп отуруп мага Кытайлардын маданияты, тамак-ашы, тарыхы жана албетте тили абдан кызыктуу сезилчү. Кытайчадын  билбесем дагы аларды туурап сүйлөп ойночумун. 11-класста окуп жүргөндө ,“Perspective” билим берүү борборунан биздин райондогу окуучуладан тест алышкан, ал тесттен өткөндөргө Кытайга окуу мүмкүнчүлүгү берилмек. Мен ошол тестирлөөгө катышып, жакшы жыйынтык менен Кытайда бекер окууга жолдомо алгам. Бир жыл Шандун провинциясындагы Шаньдун технологиялык университетинде бир жыл тил үйрөнүп, тил үйрөнүүдөгү тесттин жакшы жыйынтыгы менен, азыркы окуп жаткан университетке тапшыргам.

-Кыргызыстандан баргандан кийинки окууга, жашоо шартына көнүү кыйынга турса керек?

-Албетте, оңой болгон жок. Биринчиден, эле тамак-ашына көнө албай жүрдүм. Тамактары кыргыздыкына окшобойт, ачуу же ар кандай башкача даамдагы тамактар. Нандын ордуна сууга бышкан күрүч жедик. Себеби ал жакта нан абдан аз жана кымбат. Биз Кыргызстанда чайды көп ичебиз. Чайдын мекени Кытай болгону менен алар чайды көп ичишпейт экен. Анын ордуна ысык суу. Суунун да даамы башкача. Бирок акырында көндүм. Ал эми окуунун биринчи күнүнөн баштап эле мугалимдер кытай тилинде окута башташты. Мен Кыргызстандан кытай тилин окуган эмесмин, англис жана орус тилинде да жакшы билчү эмесмин. Бир жума эч нерсе түшүнбөй жүрдүм, андан кийин жаңы тили чыккан балача үйрөнө баштадым.

-Кытайда билим берүүнүн өзгөчөлүгү эмнеде?

-Кытайдын билим берүү системасы азыркы тапта Кыргызстанга гана эмес көптөгөн өлкөлөргө салыштырмалуу өтө жогору жана сапаттуу. Кыргызстандын көпчүлүк университеттеринде биринчи-экинчи курстарда мектеп программасын кошуп окутса, ал жакта кайсыл адистикте окуса ошол гана тармак боюнча окутушат. Экзаменден өтүү өтө татаал. Бир семестрде эки жолу экзамен беребиз. Бир жуп элүү мүнөттөн, ортосунда он мүнөт эс алуу менен бир саат созулат. Саат 12:00дөн 14:00гө чейин түшкү эс алуу болот. Жакшы эс алганда мээге билим тез кирет дешет.

-Жатакана, тамак аш жана жол төлөмдөрдү ким камсыздайт?

-Негизи ар кандай гранттар бар. Жатаканам жана окуум Кытай мамлекети тарабынан каржыланат, ал эми Кыргызстанга барган учакка төлөмдү жана бул жактагы тамак-ашка өзүм төлөйм.

-Башка өлкөдө жүргөндө Мекендин баркы, ата-эне, бир-тууугандарга болгон сагынуу сезими өзгөчө сезилсе керек?

-Ооба, Кыргызстандын баркын абдан жакшы сездим. Кыргыз элимдин мамилеси, жүрүш- туруштары, маданиятыбыз өтө керемет экенин сездим. Намысыбыз күчтүү экен. Башка өлкө канчалык өзгөчө болсо дагы, киндик кан тамган жерим өтө улук экенин билдим. Ата-энемди, бир туугандарымды, досторум ал эле эмес айылдаштарымды сагынып, ыйлаган күндөрүм көп эле болду.

-Кытайда билим алууну каалагандарга кандай кеңеш бермексиз?

-Азыркы учурда Кытайга окууга жөнөтөбүз деген компаниялар абдан көп. Компаниялар аркылуу Кытайга барса болот. Бирок “бул компания алдап койду, мен жакшы окуп жатсам деле университетке өткөзбөй койду” дегендер көп эле. Мен андай деп ойлобойм, негизгиси адамдын өзүнөн, өзүдөрү чындап окууну кааласа, тырышып, аракет кылып, изденип, максатын түз койсо эле каалаган окууда окуса болот деп айтат элем.

-Ал жердеги кызыкттуу окуяларыңыздан айтып бериңизчи?

-Кытайда жүргөндө кызыктуу окуялар өтө эле көп болгон. Курттарды даамдап көрөгөндө кызык болгон. Тил билбей сөздөрдү алмаштырып сүйлөп, шылдың болгон да күндөрүм болгон. Эң эле унутпаган нерсе университет ичинде эл аралык студенттер аралык маданий иш-чара болгон. Ар бир мамлекеттен келгендер өздөрүнүн маданиятын көргөзүшөт, ырдашат, бийлешет, улуттук тамак- аш, кийимдерин көрсөтүшөт. Ошол иш-чарада кыргыз кийимин кийип, кыргызча бийлегенбиз. Кытайда өтө көп улуттардын алдында өзүбүздүн маданиятты көргөзгөндө абдан кубангам. Ошол күн мага өтө кызыктуу болгон десем болот.

-Айдана, Кытайдагы жетишкен ийгиликтериңиз тууралуу сөз кылсак…

-Менин Кытайдагы биринчи ийгилигим тесттен өтүп, ушул университетке өтүү болгон. Бул университетте ай сайын жакшы стипендия алам. Өзүмө, жашаганыма, баскан-турганыма кенен эле жетет. Тил үйрөндүм, азыр тилди жакшы билем. Университетте өткөн ар кандай иш-чараларга катышып, жагымдуу белектерге ээ болуп келем. Анан албетте, эң мыкты досторду таптым. Кытай эле эмес, Тайланд, Бангладеш, Корея, Россия, Казакстандык жана башка өлкөлүк досторду таптым, алардын маданияты кандай экенин билүү да мага өтө кызыктуу. Анан дагы Кытайлык кыргыз туугандарыбызды жолуктурганыма абдан кубанам.

-Окуу жайдын билим берүүдөгү өзгөчөлүктөрү, талаптары кандай экен?

-Окуу жай өтө чоң, 30 миң окуучусу бар абдан чоң кампус. Кампустун ичинде окуу жай эле эмес, жатакана, ашкана, спортко тиешелүү баардык аянтчалар, иш-чарага ылайыкташтырылган клуб, китепкана, эс алганга бакча да бар. Талаптары кечинде 11ден кийин сыртка чыгууга жана түнкү клубдарга барууга тыюу салынат.

Эки жолу сабакка кечиксек бир сабактан калган болуп эсептелинет, 30 сабактан калган болсо ар кандай жазалар бар. Окуудан чыгарат, стипендия бербейт же кайра биринчи курска отурат. Мага тил үйрөтүүдөгү ыкмасы өтө жагат. Бала бакчадагы балдарга үйрөткөн сымал жаңсап көрсөтүп үйрөтүшөт, ошондо абдан тез үйрөнүүгө болот. Мугалимдердин психологиялык жактан билими да өтө жогору экени көрүнүп турат, ар бир балага өзгөчө көңүл бурулат. Өзгөчө чет өлкөдөн келгендер мекенин сагынып, окуй албай калбашы үчүн жакшы мамиле жасаганга, студенттер менен чогуу ойногонго, маанай ачууга аракет кылышат. Маанай ачык болсо, сабакты жакшы үйрөнүүгө болот деп ишенишет.

-Окууга тапшыруунун жол-жобосу кандай?

Мен “Perspective” окуу борбору аркылуу өткөндүктөн, ошол жактан окууну ыңгайлуу көрөм. Алар бир жылга тил үйрөнүүгө жиберишкен. Андан кийин HSK4 (кытай тилинин деңгээл тестти) деңгээли менен бакалаврга тапшырса болот. Тапшырууда ар кайсы университеттин өзүнүн шарттары бар HSK тесттин жыйынтыгынан башка ар кандай документтерди чогултуп, кайсы университетке тапшырууну кааласа ошол университеттин email почтасына жазып сураса, тапшырса болот.

Айдана, маегиңиз үчүн ыраазычылык! Кытайдагы алган билимиңиз менен Кыргызыстанга бөлүшүп, кесипкөй ийгиликтүү адис болушуңузга тилектешмин! Окууңуз ийгиликтүү улансын!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1646