2026-жылы Кыргызстандагы мектептерди оңдоого 404 миллион сом каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бакыт Чойбеков билдирди.
Анын айтымында, Билим берүү министрлиги мектептерди оңдоого каражат бөлүүдө негизинен класстардагы окуучулардын санына таянат. Бирок бул ыкма ар дайым эле натыйжалуу эмес.
Депутат мисал катары Талас облусундагы 1,2 миң чарчы метрлик мектепте 250 окуучу билим алганын, бирок ремонтко болгону 80 миң сом бөлүнгөнүн келтирди. Анын пикиринде, мындай сумма ири оңдоо иштерине жетишсиз.
Ошондой эле ал кээ бир учурларда айыл өкмөттөр каржылык мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонуна карабай мектептерди оңдоого жардам берүүгө аргасыз болуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, айрым оңдоо иштерине ата-энелер да тартылып жатканын сынга алды.
Депутат мектептерди каржылоодо аянттын көлөмүн эске алган системалуу ыкмага өтүү зарыл экенин кошумчалады.



