7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып келүү боюнча коррупциялык схема ачыкталды

336

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети телефон аткезчилигинин коррупциялык схемасын ачыктады. Анын кесепетинен мамлекеттик бюджетке 100 млн сомдон ашун зыян келтирилген.

Мобилдик телефондорду айрым импорттоочулар Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери жана башка кызмат адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты түзүп, дүйнөлүк бренддердеги кымбат баалуу уюлдук телефондорду Кыргызстандын аймагына аткезчилик жолу менен алып келишкен.

Ошондой эле бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качып, Кыргызстандын жана чет мамлекеттердин мамлекеттик чек араны кесип өткөн жарандарына мыйзамсыз катташкан.

Аны менен катар Чек ара кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз түрдө жеке импортчуларга уюлдук аппараттарды аткезчилик жол менен алып өтүүгө жана аларды каттоо үчүн жардам берип, чек араны кесип өткөн жарандардын паспорттук маалыматтарын берип турушкан.

Буга байланыштуу атайын кызмат тарабынан 3-декабрда Бишкек шаарындагы «Айчүрөк» жана «Beren Gold» соода борборлорунда, ошондой эле катталбаган мобилдик түзүлүштөрдү алуу максатында Ош шаарындагы “Уюлдук телефондор” дүкөндөрүндө тинтүү иш-чаралары жүргүзүлдү.

УКМК өлкөнүн бардык мамлекеттик түзүмдөрүндө коррупциянын элементтерин өз убагында аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иш-чараларды көрүүнү улантууда.

337