МАМАЙ аксакалдын даты
Шаша бастырып келген Белек тукумунан Мамай аксакал Чыныбай манаптын Карач акеге конуш бербей кодулап, көз көрүнөө көргөзүп жаткан ыдыгын айтып бүтөөрү менен экөө шыр аттанып, таң атпай оту жагылуу, эти асылуу Чыныбай манаптын өргөөсүнө келип түшүшөт.
– Өйдө өткүлө! – деген Чыныбайдын сөзүн жоопсуз калтырып, ирегеге сыңар тизелей отурганда эле, жөн эмес сөз болоорун Чыныбай туят.
– «Ушу сен жерип аткан» акмак Журтту «КАНГАЙДАН КЕЛИП МЕН БИЙЛЕДИМ, КАПКАЙДАН КЕЛИП СЕН БИЙЛЕДИҢ, өздөрүн өзгөгө башкартып, өз укугун билбеген «Журттун акмактыгы» ушу да… кайра өздөрүнүн үстүнөн экөөбүзгө ишенип сурак жүргүздүрүп койгону…!? Атаң Тилекмат калктын карманган туткасы эле..! Атпай Журттун нускасы эле..! Арбагын сыйла! Оездун оюнчугу болсоң – ооматтан кетесиң! Онтобогон ооруга жолугасың!!!» – деп обдула, тура жөнөгөндө, СӨЗ ДЕГЕНДЕ АТТАН ТҮШКӨН, НАРК БИЛГИ Чыныбай манап дагы Мамай аксакалдын кайрымын адилет чечкен экен.
Посмотреть эту публикацию в Instagram