7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлөт

210

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргызстандын Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген. Бул мыйзам долбоору тууралуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев маалымат берди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору

  • Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагынын Таштак айылын Малкалды,
  • Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Э. Алиев айыл аймагынын Параканда айылын Баракелде,
  • Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагынын Большевик айылын Баялы Исакеев,
  • Талас облусунун Бакай-Ата районунун Акназаров айыл аймагынын Ынтымак айылын Шадыкан,
  • Талас облусунун Манас районунун Кыргызстан айыл аймагынын Новодонецк айылын Айтматов,
  • Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Козучак айылын Жанкороз Олуя,
  • Талас облусунун Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Балбал айылын Жаныбек баатыр,
  • Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу айыл аймагынын Чоң-Арык айылын Сыйдалы,
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кыдыр Аке айыл аймагынын Теплоключенка айылын Ак-Суу айылы деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.
211