7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрда Астанада өтөт

940

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 8-14-сентябрь аралыгында Астана шаарында өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Спорт жана туризм министрлиги билдирди.

Мелдештерге 100дөн ашык өлкөдөн 4 миңге жакын спортчу катышат. Спорттук жана маданий иш-чараларга 100 миңден ашык туристтин келүүсү күтүлүүдө.

Алдын ала маалымат боюнча, спорттук программа спорттун 20 мелдештик жана 10 көрсөтмөлүү түрүн камтыйт.

Анын ичинде:

  • ат чабыш;
  • күрөштүн улуттук түрлдөрү;
  • салттуу интеллектуалдык оюндар;
  • согуш өнөрү боюнча мелдештер;
  • ок атуу;
  • канаттуулар менен аңчылык;
  • ат үстүндөгү мелдештер;
  • элдик оюндар;
  • спорттун этникалык түрлөрү боюнча көрсөтүүлөр.

«Астанада «Көчмөндөр ааламы» этникалык айылы ачылып, анда ар бир келген адам казак элинин маданияты жана каада-салты, ошондой эле Дүйнөлүк конгресске катышкан өлкөлөрдүн оригиналдуу маданияты менен тааныша алат. Этно-айылга күнүнө 30 миңге чейин борбор калаанын тургундары жана коноктору келе алышат», — дешет уюштуруучулар.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюну «Улуу талаадагы жолугушуу» (Улы Дала Дубири) деген ураандын астында өтөт.

941