7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вакцина сатып алуудагы коррупция. Дагы үч адам кармалганы айтылды. Алар кимдер?

810

Коронавируска каршы вакцина алуудагы коррупция боюнча саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевден тышкары министрликтен дагы үч адам камакка алынды.  Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «коррупция» беренеси менен козголгон иштин жүрүшүндө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директору Султан Сатарбеков да шектүү деп табылган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды да иликтөө жүрүп жатканы айтылды. Айта кетсек, кечээ, 2-июнда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «коррупция» беренесине шектелип кармалган. Ага андан тышкары да жети кылмыш боюнча айып коюлуп жатканы маалым болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

811