7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаан жаап, сел жүрөт! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

572

Үстүбүздөгү жылдын 3-4-июнунда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетүүсү күтүлүүдө

Адам өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан телефонограмма жер-жерлерге жөнөтүлгөн.

Ошондой эле уюлдук операторлор аркылуу өлкө жарандарына СМС билдирүүлөр жана телеканалдарда жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

573