7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вакцинадан өткөн жашыл аймакты көрсөткөн, онлайн карта ишке кирди

499

Коронавируска каршы «Кыргызстан – жашыл зона» улуттук демилгесинин алкагында интерактивдүү онлайн карта иштей баштады. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, картада өнөктөш уюмдар тууралуу жана COVID-19га каршы вакцина алган адамдарга берилүүчү жеңилдиктер, бонустар жөнүндө маалымат камтылган.

Ошону менен катар тигил же бул уюмдун эмдөөдөн өткөн кызматкерлеринин жалпы саны боюнча да маалымат алса болот. Мисалы, 4-августка карата Бишкектин Тез жардам кызматында иштегендердин 70% вакцина алды.

Кыргызстанда коронавирус 160 миңден ашуун адамга жугуп, алардын 2,5 миңдейинин өмүрүн алганы расмий статистикада көрсөтүлүүдө. Бирок ооругандар да, каза болгондор да көбүрөөк экени бейрасмий айтылып келет.

6,5 миллион калкы бар Кыргызстандын элинин 2,5 миллиону эмделе турган категорияга кирет. Бүгүнкү күнгө карата бул көрсөткүч 600 миңден ашты.

Өкмөт оорудан сактануунун жалгыз жолу эмдөө экенин белгилеп, вакцина алгандарга бекер интернет жана башка женилдиктерди сунуштоодо.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

500