7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вакцинанын үчүнчү дозасын алуу убактысы келди. Кимдер ала алат?

783

Коронавируска каршы эмдөөнү 2021-жылдын аягында алгандар үчүн бустердик дозаны алууга убакыт келди. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдиришти. Иммунолог жана эпидемиологдор 2-дозаны алгандан кийин 4-6 ай өткөн соң бустердик дозаны алууну сунушташат. Ревакцинация сыяктуу эле бустерди учурда бар ар кандай вакцина менен жасоого болот. Чет өлкөгө чыккандар үчүн кирген өлкөнүн талаптары менен таанышуу зарыл. Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө үчүн: Pfizer жана Sinopharm компанияларынын вакциналары бар. Эмдөөнүн баштапкы курсун, ошондой эле бустердик дозаны үй-бүлөлүк медицина борборлорунан жана убактылуу эмдөө пункттарынан жасатууга болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

784