7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Валентина Шевченко катыша турчу беттештин билеттери бир нече мүнөттө калбай калды

1102

Кыргызстандык чемпион Валентина Шевченко катышып жаткан «UFC 261» турниринин билеттери бир нече мүнөттө эле сатылып кетти. Бул тууралуу промоушендин президенти Дана Уайт өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

 

«UFC күйөрмандарына чоң рахмат. Билеттер бир нече мүнөттө эле сатылып кетти. Уюмдун тарыхындагы билеттер таланып кеткен учурлардын бири болуп калды. 15 миң көрүүчү! Джексонвиллде көрүшкөнчө», — деп жазган Уайт.

 

Кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагылар арасындагы чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мурдагы чемпион Жессика Андраде менен 24-апрелде UFC 261 турниринин алкагында беттешет. Кармашта кыргызстандык спортчу наамын бешинчи ирет коргомокчу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1103