7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ыксыз ушак. Жан алуу» Талкууда калган аптанын 10 жаңылыгы

676

«7tv.kg» сайты коомчулуктун бүйүрүн кызыткан аптанын 10 жаңылыгын сунуштайт:

1. «Белгилүү ырчы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекова менен ажырашабы?» Бул суроо учурда алардын ар бир күйөрмандарынын жүрөгүн өйүгөн бүдөмүк ой бойдон калууда.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова ажырашуу алдында турат (ФОТО)

 

2. 22-мартта саат 05: 00дө журналист Чынара Асанова узак оорудан улам Улуттук хирургиялык борборунда көз жумду. Бул тууралуу Елена Баялинова Facebook баракчасына жарыялады.

УКМКнын пресс-борборунун мурдакы жетекчиси Чынара Асанова көз жумду

3. Мындан 5 жыл мурда өзбекстандык мигрант Гүлчахра Бобокулова 4 жаштагы кыздын башын кесип алып көчөдө жүргөн жеринен кармалган. Аны жакынкы күндөрү психикалык ооруканадан чыгарышат. Ал акыл-эси жайында эмес деп табылгандан кийин адистер тарабынан мажбурлоо менен дарылоого буйрук берилген.

4 жашар кыздын башын кесип, метродо көтөрүп жүргөн аял депорттолот

4. Социалдык тармактарда Горький/Абай көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулган имарат катуу сынга алынды. Бул тууралуу @sirbakai Twitter колдонуучусу имаратты сүрөткө тартып, интернетке жарыялаган.

Жаран: «Уруксат бергендердин жана кургандардын мээси барбы?!»

5. Пакистандын Лахор шаарынын соту жолоочу аялды балдарынын көзүнчө зордуктаганы үчүн эки кишини өлүм жазасына тартуу, өмүр бою эркинен ажыратуу жана 50 миң рупий (8900 гривен) айып пул салуу чечимин кабыл алды.

Жолоочу аялды эки баласынын көзүнчө зордуктагандар өлүм жазасына тартылды

6. Колорадо штатынын Боулдер шаарында белгисиз адам «King Soopers» соода борборунун жанында ок чыгарып, андан соң дүкөндүн ичине кирип барып 10 адамды атып өлтүрдү. Каза болгондордун ичинде милиция кызматкери дагы бар.

Соода борбордогу атышуудан 10 адам каза болду, арасында милиция кызматкери дагы бар

7. Соцалдык тармактарда жарым жылаңач кыздардын сүмөлөктү даярдап жатышкан видеосу тарап, кызуу талкуу жараткан.
Видеодогу кыздар табылып, аларды укук коргоо органы «майда бейбаштык» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 15 күнгө камакка алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Ал эми дагы 3 катышуучуга 116 доллардан айып салынгандыгы айтылды.

Жарым жылаңач сүмөлөк даярдаган кыздар жазага тартылды

8. Ырчы Дайыр Исмадияров жубайына жарашуу сунушун киргизди. Учурда ал аялынын жообун күтүп жаткан учуру. Бул тууралуу ал өзүнүн Instagram баракчасына жүктөдү.

Ырчы Дайыр Исмадияров аялына жарашуу сунушун киргизди

9. 21-март күнү Өзбекстандын Навои облусунун Карманин районунда 31 жаштагы аял, 3, 5 жана 8 жаштагы үч жашы жете элек кыздары менен кошо боюн поезддин алдына таштады.

Өзбекстанда жаш эне 3 кызы менен кошо поезддин алдына секирди

10. Өзбекстандын эл артисти, Убайдулла Бакоев 73 жашында 44 жаштагы кызга үйлөндү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Үлпөт той 22-март күнү Өзбекстандын белгилүү тойканаларынын биринде өткөн.

Өзбекстандын эл артисти Убайдулла Омон 73 жашында үйлөндү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677