Өзбекстандын эл артисти, Убайдулла Бакоев 73 жашында 44 жаштагы кызга үйлөндү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты. Үлпөт той 22-март күнү Өзбекстандын белгилүү тойканаларынын биринде өткөн.
Маалым болгондой Убайдулла Бакоевдин жаш жубайы Нилуфар Шерова шаардык билим берүү бөлүмүнүн англис тили боюнча методисти жана шаардагы 32-жалпы билим берүү мектебинин мугалими, бул анын алгачкы никеси.
Эске сала кетсек, Бухара облустук музыкалык драма театрынын директору Убайдулла Омон биринчи аялы Матлуба Фармонова менен 51 жыл бактылуу жашап, ал 2018-жылы көз жумган.