Колорадо штатынын Боулдер шаарында белгисиз адам «King Soopers» соода борборунун жанында ок чыгарып, андан соң дүкөндүн ичине кирип барып 10 адамды атып өлтүрдү. Каза болгондордун ичинде милиция кызматкери дагы бар.
Кылмышкер окуя болгон жерден колго түшүрүлдү. Бирок алардын бири 51 жаштагы Эрик Талли операция учурунда өлтүрүлгөн. Ок атуунун себептери азырынча белгисиз, анын ким экендиги айтыла элек.
«Биз колубуздан келгенин барын кылып күнү-түнү иш алып барабыз, шектүү кармалды. Мен бардык жашоочуларды тынчтануусун каалайт элем, силер толугу менен коопсузсуңар. Каза болгондордун өздүгүн тез арада аныктоого аракет кылабыз», — дейт Боулдер полициясынын башчысы Марис Герольд «Euronews» каналына берген интервьюсунда.
Ак үйдүн басма сөз катчысы Джен Псаки Джо Байден окуя тууралуу кабардар болгонун айтты. Бул жыл башынан бери Кошмо Штаттарда болгон жетинчи жана акыркы жумада болгон экинчи массалык өлтүрүү. 16-мартта, Джорджия штатындагы Атланта шаарында үч массаж салонуна кол салуу болуп, 8 адам каза болгон.