7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Милициянын эмгеги» Жалал-Абадда 5 райондун ИИБи иш үстүндө жарышышты

560

Жалал-Абад облусунун аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында милиция тарабынан профилактикалык жумуштар тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, облустун 5 районунда кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу иш-чаралары өткөрүлгөн.

Атап айтсак Ноокен РИИБи тарабынан Масы айыл аймагында укук бузууларды болтурбоо багытында бирдиктүү алдын алуу күнү өткөрүлдү. Анын алкагында жергиликтүү тургундардын паспорттук эрежелери текшерилип, жашагандыгы боюнча тактоо иштери жүргүзүлдү.

Ал эми Базар-Коргон РИИБдин кызматкерлери Абдураимов айылындагы мектеп окуучулары менен жолугушуп, жолдо жүрүүнүн эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле жаш өспүрүмдөргө кылмыштуулуктун арты жакшылык менен аяктабай тургандыгы эскертилип, татыктуу билим алуу зарылдыгы жеткирилди.


Ала-Бука РИИБи тарабынан район аймагында кароосуз калгандарды аныктоо боюнча ыкчам алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө. Мындан сырткары жашы жете элек өспүрүмдөр арасында зордук-зомбулуктун, топтошуп мушташуулардын алдын алуу максатында тиешелүү кызмат адамдары менен биргеликте ата-энелер чогулуштары өткөрүлүп, түшүндүрүү иштери алып барылды.

Зордук-зомбулуктун алдын алуу багытындагы жумуштар Чаткал РИИБи тарабынан да социалдык адистер менен биргеликте жүргүзүлдү. Милиция кызматкерлери жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан жана ар түрдүү кырсыктардан алыс болууга чакырышып, аларга туура багыт көрсөтүштү.


Ал эми Аксы районунда Нооруз майрамына карата «Кыз-жигит» конкурсу өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө РИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

561