7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Карантин. Коронавирустун айынан бийлик менен элдин тиреши

658

Германияда коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну күчөп жаткандыгына байланыштуу 18-апрелге чейин карантиндик чектөөлөрду узартуу чечими кабыл алынды. Бул боюнча федералдык жетекчилик жана 16 штаттын бийлиги макулдашты. Кечээ өлкөдө 16 миң жаңы учур катталган.

Бирок, карантиндин тынымсыз узартылышы барган сайын нааразычылыктарды жаратууда. Берлинде туристтик мейманканалардын кызматкерлери нааразычылык акцияларына чыгышып, бийликтен ийкемдүүлүктү талап кылышууда.

Ал эми Европа Комиссиясы Мадридди келген туристтердин агымын кылдаттык менен көзөмөлдөөгө чакырды.

Ошондой эле кырдаал Австрияда дагы байкалып, карантиндик чектөөлөрдү күчөттү. Анда карантин жок эле дегенде апрелдин биринчи дем алыш күндөрүнө туш келген батыш Пасха майрамына чейин созулары айтылат. Андан соң Вена ар бир аймакка өз алдынча карантиндик чечимдерди кабыл алуу укугун берүүнү убада кылды.


Ушундай эле көрүнүш Боснияда дагы кайталанууда. Алардын өкмөтүнүн аракеттерине эл нааразы. Баня-Лукада барлардын, ресторандардын жана мейманканалардын ээлери нааразычылык акцияларына чыгышып, өкмөттөн жардам талап кылышууда. Бирок, Боснияда эмдөө али баштала элек, акыркы эки жумада жугуштуу оорулардын саны кескин көбөйүп, ооруканаларда бош койкаларды табуу мүмкүн эмес.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

659