- Бир жуманын ичинде жуунуучу жай (душ) куруу;
- Ишин жакшы өтөп айырмаланган жумушчуларга мэриянын атынан грамота менен сыйлоо;
- Кызматкерлер үчүн жолдомо маселесин тез арада чечүү-тапшырмалары берилди деп айтылат маалыматта.
Кечээ, 22-мартта Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын жумушу менен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматты билдирди.
Калаа башчыны ишкананын директору Адиль Назаров тосуп алып, болуп жаткан, кылынган иштер боюнча айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө мэрдин милдетин аткаруучу жумушчуларга иштөө шартын жакшыртуу максатында бир катар тапшырмаларды берди: