Пакистандын Лахор шаарынын соту жолоочу аялды балдарынын көзүнчө зордуктаганы үчүн эки кишини өлүм жазасына тартуу, өмүр бою эркинен ажыратуу жана 50 миң рупий (8900 гривен) айып пул салуу чечимин кабыл алды. Полиция кызматкерлеринин бири жабыркаган аялга жарым-жартылай айып койгондо пакистандыктар көтөрулуп чыгышкан. Бул тууралуу Пакистандын «Dawn» басылмасы жазып чыкты.
Тергөөнүн маалыматына ылайык, бул адамдардын Карачи шаарында дагы бир кызды зордуктоого тиешеси бар экендигин аныкталган. Ал арада кылмышкерлердин адвокаты Лахор сотунун өкүмүнө каршы даттана тургандыгын билдирген.
Окуя 2020-жылы сентябрда болгон. Пакистандык-француз тектүү аял (аты-жөнү айтылган жок) эки баласы менен Лахор тарапка бара жаткан. Жолдо бара жатып бензини түгөнүп калгандыктан унаасын жолдун четине токтотуп, тез жардам кызматын күтүп турган.
Аларга 30 жаштагы эки эркек адам унаага келип, курал менен коркутуп, аялды балдарды менен унаадан чыгып талаага жака барууга мажбурлашкан. Талаадан ал аялды балдарынын козунчо зордуктап, колундагы зер буюмдарын жана акчаларын алып кетишкен.
Кийин окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери аял шок болгонун, бирок зордуктагандарды сүрөттөп бере алгандыгын белгилешкен.