Бүгүнкү күнгө, карата дагы 75 жарандан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
Бишкек шаары — 56;
Ош шаары — 2;
Чүй облусу – 12;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 3;
Жалал-Абад облусу – 1.
Соңку суткада Талас, Баткен облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.
Республика боюнча коронавирус инфекциясынан жалпы 87 миң 537 жаран жабыркады.
Ал эми бир сутка ичинде 51 бейтап айыгып чыкты.
Бишкек шаары – 27;
Чүй облусу – 18;
Ош облусу – 5;
Жалал-Абад облусу – 1.
Айыккандардын жалпы саны 84 миң 274.
Бир сутка ичинде өлкөнүн медициналык жайларында коронавирус инфекциясынан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен каза болгондор катталган жок. Өлкөдө илдет катталган күндөн бери коронавирус инфекциясынан жалпы 1 миң 490 адам каза болду