Шоу-бизнес өкүлдөрү кандай иш аракет жасабасын күйөөрмандарынын кыйырында калышбайт. Бул жолу 7tv.kg сайтты 1 апта боюу талкуудан түшпөгөн жаңылыктардын топтому менен тааныштырабыз.
Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова эки ажырым жолго түштүбү?
Ушул аптанын эң эле талкуу жараткан окуясы таттуу түгөйлөр Нурлан Насип жана Асел Кадырбекованын эки жолго түштү деген божомолдор болду. Маалымат каражаттары жарыша жазып, социалдык тармактарда кызуу пикир талаштарды жүрдү.
Мындай кептердин тарашына Асел Кадырбекованын Инстаграм баракчасындагы катталуучунун «ажырашып кеттиңиздерби?» деген суроосуна жазылган жообу себеп болду. Анда ырчынын социалдык тармактагы баракчасына калтырган билдирүүсүнө окурман «Силерди ажырашты деген чынбы?» деген суроосун калтырган. Ал эми ырчынын аккаунтунан төмөндөгүдөй жооп жазылган. «Чын. Расмий ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө келип, көзүмдүн көрүүсү жакшыргандан кийин расмий ажырашам». Ал эми ырчылар күйөөрмандарына аталган окуя тууралуу үн катыша элек.
Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен жарашууга ниеттенүүдө
Ырчы Дайыр Исмадияров жубайы менен жарашууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Анда ырчы жубайы, уулу менен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялап, алдына «Экөөбүздүн бирибиз «бардык эле түгөйлөр урушат, кел кайра башынан баштайлы» деп айта турган учур. Мен муну айттым, жообун күтүп жатам» деген ал.
Бул билдирүүнүн алдына ырчынын күйөрмандары, достору, шоу-бизнес өкүлдөрү кубанып жаткандарын билдирип, бактылуу жашоо каалашты.
Ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев 8-ирет ата болду
Ырчы жана куудул Жеңишбек Айтиев менен жубайы 8-ирет ата-эне макамын алышып кыздуу болушту. Түгөйлөр буга чейин 4 уул, 3 кызды тарбиялап келишкен. 7tv.kg сайты ырчынын кубанычын тең бөлүшөт.
Алтынай Нарбаева кызын турмуш жолуна узатты
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева 26-март күнү кызын турмуш жолуна узатты.
Кыз узатуу шаардагы тойканалардын биринде өтүп, ага ырчынын жакындары шоу-бизнес өкүлдөрү чакырылган.
Ырчылар Инстаграм баракчасына Алтынай Нарбаеваны куттуктап, ал абдан толкунданып жатканын бөлүшүштүү.
Айыма Айылчиева 23 жашын белгиледи
Эстрада ырчысы Айыма кечээ, 26-март күнү 23 жашын белгиледи. Ырчыны жакындары, достору жеке баракчалары аркылуу куттукташты. «X-Factor» сынагы аркылуу калың элге таанылган Айыма акыркы күндөрү чыгармачылыктан тыныгууда жүргөндөй. 7tv.kg cайты ырчынын туулган күнү менен куттуктап, чыгармачылык эргүү каалайбыз.
Мен кыйрата албасам да азыркы келинчеги бактылуу кылса болду
«Мен кыйрата албасам да азыркы келинчеги бактылуу кылса болду», — дейт белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.
Бул кеп менен ал мурдагы жолдошу уулду болгондугун көпчүлүккө сүйүнчүлөптүр. Аталган билдирүү айрымдарды таң калтырса, кээ бир окурмандардын ачуусун жараткан.