7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Өкмөт бир аптанын ичинде эмнелерди аткара алды?» Иш топтому

736

«7tv.kg» сайты өкмөттүн бир аптанын ичинде жасаган иштеринин кыскача топтомун жарыялайт.

22-март, дүйшөмбү:
УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баш болгон өкмөттүк делегация кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өзбекстандын Ташкент шаарына иш сапары менен барышты.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда.

24-март, шаршемби:

Премьер-министр Улукбек Марипов БУУ Конференциясынын соода жана өнүктүрүү боюнча (ЮНКТАД) баш катчысынын милдетин аткаруучу Изабель Дюран менен видеоконференцбайланыш режиминде жолугушту.

Пикирлешүүнүн жүрүшүндө бажы тутумун санариптештирүү маселеси талкууланып, бажы тариздөөсүнө кетчү убакытты, коррупциялык көрүнүштөрдү олуттуу кыскартууга  мүмкүндүк берүүчү жана өлкө бюджетин толуктоого шарт түзүүчү бажы маалыматтарын иштеп чыгуунун автоматташтырылган тутумунун (ASYCUDA) бетачары тартууланды.

24-март, шаршемби:
Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды.
Кыргыз делегациясын – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

24-март, шаршемби:
Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Өкмөт башчы Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуп, анда сугат суу, ирригациялык объектилердин эскилиги, курулушу жыйынтыкталбаган мектептер, азык-түлүккө баалардын жогорулашы жана социалдык жөлөкпулдарды төлөп берүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Белгилей кетсек, Туз айылындагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Долбоордун тендердик наркы 58,3 млн сомду түзөт, ал эми объектидеги курулуш иштери 70 %га жыйынтыкталган.

24-март, шаршемби:
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков экологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү.
Кеңешме жүрүшүндө биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков белгилегендей, 2021-жылдын 1-сентябрына чейин Бишкек шаарындагы таштанды аянты толугу менен жабылып, көчүрүлүп, 35 га аянттагы жер рекультивацияланышы керек.

24-март, шаршемби:
Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу сапарынын алкагында Нарын облусунун Жумгал районундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышты жана жергиликтүү калк менен жолугушту.
Белгилесек, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун узундугу 433 км түзөт.


24-март, шаршемби:
Премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кочкор районундагы Калкты тейлөө борборуна барды. Калкты тейлөө борбору 30 түрдөгү кызмат көрсөтүүнү сунуштап, болжол менен 75 миңге жакын адамды тейлейт.


24-март, шаршемби:
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков ишкерлерди тейлөө борборун түзүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Ал белгилегендей, ишкерлерди тейлөө борборун түзүү боюнча иштер 2020-жылдын ноябрь айында башталган.


25-март, бейшемби:
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына эки күндүк жумушчу сапары менен барды. Өкмөт башчы Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышты.


25-март, бейшемби:
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеген Кыргыз Республикасынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча кезектеги сүйлөшүүлөрдөн соң Ташкент шаарынан (Өзбекстан Республикасы) кайтып келди.


25-март, бейшемби:
Премьер-министр Улукбек Марипов Ташкент шаарындагы «Яшнабад» инновациялык технопаркына жана «IT-Паркка» барды. Делегация мүчөлөрүнө «Технопарктын» газ эсептегичтерин, өнөр-жай кондиционерлерин жана муздатуу тутумдарын, суу насоссторун, лифт жана эскалаторлорду чыгаруучу алты жогорку технологиялык заводдорунан турган өндүрүштүк ишканалар тобу сунушталды.


26-март, жума:
Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков өлкөнүн курама командаларынын спортчуларын 2021-жылкы эл аралык комплекстүү спорт оюндарына катышууга даярдоо; Кыргызстандын аймагында 2021-жылы өтүүчү Азиянын спорт түрү боюнча чемпионатын өткөрүүгө, ШКУ эл аралык марафонун жана Воллейбол боюнча кубогун өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу комитетинин кеңешмесин өткөрдү.


26-март, жума:
Премьер-министр Улукбек Марипов Ташкентте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Учурда Өзбекстан Республикасында 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашайт.


26-март, жума:
Улукбек Марипов Ташкент шаарындагы бир катар фабрика жана заводдорду кыдырды. Өкмөт башчы шоколад, таттуу нан азыктарын жана кондитердик азыктарды чыгарган «Crafers» кондитердик фабрикасындагы өндүрүштүк процесс менен таанышты, ошондой эле кондитердик, таттуу нан азыктарын жана тез даярдалуучу азыктарды чыгарган «Ardent Foods» фабрикасына барды.


26-март, жума:
Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен тар курамда жолугушту.
«Биз биргелешкен күч-аракет аркылуу өз-ара товар жүгүртүү көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин жеткире алабыз», — деди ал.


26-март, жума:
«Кыргыз-өзбек маданий иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү, өткөрүлүп жаткан концерт жана фестивалдарда өз-ара катышуу практикасын улантуу, билим берүү, спорт жана туризм тармагындагы кызматташтыкты активдештирүү зарыл», — бул туурасында Премьер-министр Улукбек Марипов Ташкент шаарында өткөн Кыргызстан жана Өзбекстан ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңейтилген кеңешмесинде билдирди.
Өкмөт башчы белгилегендей, 2018-жылы эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын мотиви боюнча «Делбирим» көркөм тасмасын биргелешип тартуу боюнча жагымдуу тажрыйба орун алды.


26-март, жума:
Улукбек Марипов Ташкент шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышты.


26-март, жума:
Өзбек тарап «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун айрым тилкелерин долбоорлоого жана курууга катышууга, ошондой эле долбоордун техника-экономикалык негиздемесинин даярдыгы деңгээли боюнча кошо каржылоо маселесин кароого даяр. Бул туурасында Ташкент шаарында өткөн Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңейтилген кеңешмесинде белгилүү болду.


26-март, жума:
Премьер-министр Улукбек Марипов Ташкентте Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.


26-март, жума:
Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргызстандагы Дүйнөлүк банк Кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту.
Жакын арада биргелешкен долбоорлордун алкагында 1200 мектеп 25 миң заманбап компьютердик техника комплекти менен жабдылат. Республикалык ооруканада компьютердик томографтарды орнотуу боюнча иштер ыкчамдатылып, ишке киргизилип жаткан «Мектеп медицинасы» долбоорунун алкагында мектептердеги медициналык кабинеттерди жабдуу тууралуу маселе иштелип чыгат, ошондой эле айыл чарбаны, кичи жана орто бизнести колдоого алуу боюнча долбоорлор талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

737