Маалыматка ылайык, аял жана анын 5 жаштагы кызы башынан катуу жаракат алышкан. Аял алган жаракатынан улам ооруканадан көз жумган. Ал эми сегиз жаштагы кыз энесинин колунан качып кетүүгө үлгүргөн. Бактыга жараша, 3, 8 жаштагы кыздары аман калган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жаткандыгы жазылат маалыматта.