7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-өзбек УКМК башчылары чек арадагы калган тилкелерди талкуулап башташты

944

Ташкентте кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз делегациясын УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, ал эми өзбек делегациясын Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген кеңешменин жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин делимитациялоо маселеси талкууланат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын учурунда эки өлкө башчысы өкмөттүк делегациялардын ишин активдештирүү тууралуу макулдашкан, аларды жакын арада жыйынтыктоо пландаштырылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

945