7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде уурулук менен ири суммада каражат топтогон жаран кармалды

661

Кеминде уурулук менен ири суммада каражат топтогон жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук Ички иштер бөлүмү ушул жылдын март айынын башында Орловка шаарынын тургундарынын жеке үйлөрүнөн уурдоо фактысы боюнча үч арызын каттаган.

Кылмышкерлер биринчи учурда бир үйдөн жалпы суммасы 200 миң сомду түзгөн алтын буюмдарды уурдап, жана башка үйдөн 50 миң сомдон ашык акча, жана баалуу буюмдарын уурдап кетишкендигин билдиришкен. Кылмышкерлер үйлөргө желим терезелерди кысып киришкени белгилүү болгон», — деп берилет маалыматта.

Бардык билдирүүлөр Кемин райондук Ички иштер бөлүмүнүн КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында, Чүй облусунун ИИББнын КМКнын жана Кемин районунун ИИБнүн КМКнын кызматкерлери тарабынан 56 жаштагы К.С. аттуу жаранды кармашкан. Учурда милиция кызматкерлери бул адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

662