Өкмөт курулуш иши токтоп калган мектептерди 3 жылда ишке берет. Бул туурасында премьер-министри Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышууда билдирди.
Өкмөт башчы Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуп, анда сугат суу, ирригациялык объектилердин эскилиги, курулушу жыйынтыкталбаган мектептер, азык-түлүккө баалардын жогорулашы жана социалдык жөлөкпулдарды төлөп берүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.
Туз айылындагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Долбоордун тендердик наркы 58,3 млн сомду түзөт, ал эми объектидеги курулуш иштери 70 %га жыйынтыкталган.
«Аталган мектепти жыйынтыктоого бюджеттен тийиштүү финансы каражаты бөлүнөт. Жаңы окуу жылында балдар билим алууга бардык шарты каралган мектепке барышат. Тилекке каршы, республика боюнча каражаттын жоктугуна байланыштуу курулушу токтоп турган мектептер бар. Түзүлгөн кырдаалга крабастан, Өкмөт курулушу 60-70% ашуун бүткөрүлгөн окуу жайларын жыйынтыктоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы үч жылдын ичинде бул иштер жыйынтыкталышы тийиш», — деди Улукбек Марипов.