7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда жаранды коркутуп 5 миң доллар талап кылган шектүү кармалды

2596

Жалал-Абадда опузалап 5 миң доллар акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынын ортосунда криминалдык түзүлүштөр тарабынан ишкердик субьекттерге коркутуулар болуп жаткандыгы жөнүндө ыкчам маалымат алынган.

Аныкталган маалыматтар боюнча, 2021-жылдын март айынын ортосунда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кылмышкерлер жергиликтүү жашоочудан 5000 АКШ долларын коркутуу жолу менен талап кылышкан.

Бул факты КЖБРге катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ыкчам-тергөө иштерине ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тартылган.

Опузалап талап кылгандар жергиликтүү тургунга жолугушууну айткан. Алар айткан жерге укук коргоо органдарынын кызматкерлери келген. 2021-жылдын 21-мартында Аксы районунун аймагынан опузалап талап кылган акча каражатынан аз суммадагы 25 миң сомду алган жеринен шектүү кармалган. Кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусу 1990-жылы туулган Ж.Т. экендиги аныкталды. Ал мурда бир нече жолу соттолгон. Кармоо учурунда шектүүнүн автоунаасынан далил катары эсептелген акча каражаты табылып алынды. Опузалап талап кылуу фактысы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2597