Бишкек шаарынын Аламүдүн -1 кичирайонунун аймагында жайгашкан мэриянын муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.
«Бул батирлер мыйзам талабына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгы менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси М.А.га берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш тартууда.
Соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде мэриянын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды»-деп айтылат маалыматта. Азыркы учурда аталган окуя боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.