Эгер эпидемиологиялык кырдаал жол берсе Ташкент — Балыкчы — Ташкент поезди майда ишин жандантат. Бул тууралуу 2021-жылдын 16-17-мартында Ташкент шаарында «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясынын башкы директору Василий Дашков менен «Узбекистон Темир йуллары» ААК башкармалыгынын төрагасынын милдетин аткаруучу Хуснутдин Хасиловдун жумушчу жолугушуусунда маалым болду.
Жолугушууда талкууланган негизги маселелердин бири Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү болду.
Дашков белгилегендей, үч тараптуу эксперттик жумушчу топтун ишмердүүлүгүнүн алкагында бардык тараптардын деталдары менен позицияларын тактоо бул долбоордун маанилүү элементи болуп саналат.
Тараптар ошондой эле Ташкен — Ысык-Көл (Рыбачье) — Ташкент каттамы боюнча жүргүнчү ташуучу поездди жумасына бир жолу ишке киргизүүнү макулдашышты. Аны ушул жылдын май айынан баштап беш айлык мөөнөткө ишке киргизүү пландалууда. Бирок, каттамдын ачылышы эки тараптын эпидемиялык кырдаалына байланыштуу болот.