Бүгүн, 22-мартта саат 05: 00дө журналист Чынара Асанова узак оорудан улам Улуттук хирургиялык борборунда көз жумду. Бул тууралуу Елена Баялинова Facebook баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, Чынара Асанова Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал Кыргызстандын массалык маалымат тармагына 20 жылдык эмгегин сарптаган.
Чынара Асанова 2008-жылга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын (УКМК) басма сөз борборун жетектеген, ошондой эле президенттик аппаратта да эмгектенгени белгилүү.
«Жоготууга учураган үй-бүлөнүн оор кайгысын тең бөлүшүүнү каалагандарга маалымдама: Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 23-мартта саат 12: 00дө Көк-Жар айылы, Алымбаев көчөсү, 15 үйдө өтөт. Жерге берүү 14: 00дө Чыгыш айылындагы көрүстөндө болот», — деп жазган Елена Баялинова.