«Белгилүү ырчы Нурлан Насип жубайы Асел Кадырбекова менен ажырашабы?» Бул суроо учурда алардын ар бир күйөрмандарынын жүрөгүн өйүгөн бүдөмүк ой бойдон калууда.
Буга чейин алардын таарынышып жүргөнү көпчүлүккө маалым болгон. Ал арада Асел Кадырбекованын 19-мартта өткөн туулган күнүндө Нурлан Насип кызы үчөөнүн сүрөтүн жүктөп: «Красавица кызымдын красавица апасы туулган күнүң менен», — деп куттуктоо жазган.
Ал эми Нурлан Насип кызы Дариянын тушоосун кесип, бирок ага Асел Кадырбекова катышпаганы айтылган. Ырчы айым Самат Амановдун жүктөгөн видеосун өзүнүн Instagram баракчасына бөлүшүп: «Акылыңарга береке Насипбековтор. Ооруган аял, келин кереги жок болуп, кызым керек болуп калдыбы?», — деп жазган, жана ал көп өтпөй кайра өчүрүп салган.
Мындай маалымат кечээтен бери социалдык тармактарда тарап жатат. Асел Кадырбекова өзү дагы Инстаграмдагы баракчасы аркылуу комментарийде бул маалыматты тастыктаган.
«Чын! Официалдуу ажыраша элекпиз. Бирок чогуу жашабайбыз. Өзүмө толук келип, көзүм көрө баштаганда расмий ажырашам»,- деп жазды Асел Кадырбекова.
Эске салсак, Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова 2018-жылдан бери бирге. Ортодо бир кызы бар.