7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айнуру Алтыбаева: Кумтөр тонналаган таза сууга алтын жууйт, бирок ага акча төлөбөйт

1200

2012-жылдагы жана учурдагы жаңы түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева келишимдер бир жактуу, инвесторлордун кызыкчылыгына ыктап түзүлүп калган деген оюн билдирди.

 

“Келишимдер коррупциялык жол менен бир жактуу түзүлүп калган. Бул маселени 2011-жылдан бери эле көтөрүп келе жатабыз. Маселен, Өзбекстандан алтын казган АКШнын компаниялары казылган алтындын 30% гана алып, 70% мамлекетке калат. Бизде да ушундай чечим кабыл алынса болмок. Түшкөн пайданын канча бир пайызы деген менен, компания болушунча пайданын көлөмүн азайтып көрсөтүүгө аракет кылат экен”-дейт депутат.

 

Ошону менен бирге, алтын өндүрүүдө тонналаган булак суусу сарпталганы менен, аталган компания сууга акча төлөбөй келгенин айтты. Бул маселени комиссиялык текшерүү учурунда дагы көтөргөнүн кошумчалайт.

Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн Кыргыз өкмөтү 1992-жылы Канаданын Торонто шаарында “Камеко” корпорациясы менен Башкы макулдашууга кол койгон.

Кен жайы иштеп баштагандан бери ар кандай талаш-тартыштар менен катар келишимдердеги мүчүлүштүктөр тууралуу ызы-чуу токтобой келет. Ага ылайык, алтын өндүрүшүн иликтөө багытында бир нече комиссиялар түзүлгөн.  Тагыраагы, 2007-жылы парламенттик жана өкмөттүк комиссия, ал эми 2012-жылы учурдагы мамлекет башчы Садыр Жапаров жетекчилик кылган депутаттык жана мамлекеттик комиссия иликтөө жүргүзгөн.

Депутат Акылбек Жапаров ошол учурда  Жогорку Кенештин токтому кабыл алынып, бирок чечимдер толук аткарылбай калганын айтып келет.

Учурда, тиешелүү комиссиялардын буга чейинки  чыгарган бардык чечимдерин кайрадан карап, алардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 2021-жылдын 17-февралында жаңы мамлекеттик комиссия ишин баштады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1201