7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Валентина Шевченко UFC 315 турниринде чемпиондук курун коргоду

322

Канаданын Монреал шаарында өткөн UFC 315 турниринде жеңил салмактагы UFC уюмунун учурдагы чемпиону Валентина Шевченко франциялык Манон Фиорону жеңип, курун коргоду.

Шевченко менен Фиоронун беттешүүсү турнирдин башкы беттеши болуп, толук беш раундга созулду. Калыстар бир добуштан жеңишти учурдагы чемпионго беришти.

37 жаштагы Шевченконун карьерасында 25 жеңиш, төрт жеңилүү жана бир тең чыгуу бар. Жалпысынан бул Валентинанын титулдук күрөштөгү 10-жеңиши. Ал титулду сегиз жолу коргоп, эки жолу жеңип, бир жолу 2023-жылы Алекса Грассого утулуп калган.

35 жаштагы Фиоро 12 беттеште жеңишке жеткен сериясы үзүлгөн. Азыр анын эсебинде 12 жеңиш жана эки жеңилүү бар.

323