Василий Дашков 18-июлга чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Жгорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 18-майындагы токтомуна ылайык Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурорунун өтүнүчү канааттандырылган.
«Шектелүүчү В.А.Дашковго карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы 2021-жылдын 18-июль күнүнө чейин тандалды», — деп берилет маалыматта.