7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ветеринарлар санариптештирүү боюнча окуудан өтүштү

404

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ветеринардык адистер «Жаныбарларды идентификациялоо жана көзөмөлдөө системасы аркылуу санарип форматта ветеринардык отчёт түзүү жана иш алып баруу» боюнча окуудан өтүштү.

Министрликтен билдиришкендей, окутуу БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосу менен уюштурулуп, анда катышуучулар ЖИКСке интеграцияланган электрондук формалар менен иштөөнү, малды эмдөө жана диагностикалоо боюнча маалыматтарды туура толтуруу, санариптик отчётторду түзүүдөгү жоопкерчилик маселелерин үйрөнүштү.

Белгиленгендей, мындай окутуулар ветеринардык кызматты санариптештирүүдө анын натыйжалуулугу чоң мааниге ээ.

405