Вьетнамда «Буалой» тайфунунан кеминде 19 адам каза болуп, дагы 13 киши дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Интерфакс VnExpress кабарлаганын жазды.
Маалыматка караганда, дайынсыз жоголгондордун 12си балыкчылар.
«Буалой» өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө сел, жер көчкү жана торнадолорду алып келди. Катуу шамалдан улам 104 миңден ашык үй жабыркады. Нөшөрлөп жааган жамгыр жана бороондун кесепетинен 9,4 миң гектар плантациялар зыянга учурады. Тайфун ошондой эле 3400 электр мамысын жана 13 миңге жакын бак-дарактарды кулаткан.
Мындан тышкары, аба ырайынын катаалдыгынан 42 аба каттам токтотулуп, дагы 51 каттам үзгүлтүккө учураган.
«Буалой» күн мурун Вьетнамдын борборундагы Хатинь провинциясына жетти.
Өткөн аптада «Буалой» Филиппинде 11, Таиландда төрт кишинин өмүрүн алган.