7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды

13

Чолпон-Атада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды.

Ал «Бишкек Аренада» бир катар өлкөнүн президенттеринин катышуусунда салтанаттуу ачылган. Параддан 100дөн ашуун өлкөнүн 3000дей спортчусу өтүп, аземге дүйнөнүн булуң-бурчунан меймандар чакырылган.

Көчмөндөр оюндарынын спорттук жана маданий бөлүгү Ысык-Көлдө — ипподромдо, Кырчын жайлоосунда, «Газпром» спорт комплексинде, «Рух-ордодо», «Номад» борборунда өттү.

Кырчында уюштурулган «Көчмөндөр ааламы» этношаарчасында өлкөнүн жети дубанынын ордосу түшүп, көчмөндөрдүн кол өнөрчүлүгү көрсөтүлдү.

Оюндардын жабылышы ат майданда өтүп, эстафета Казань элине өткөрүлдү. Көчмөндөр оюндарынын символу болгон суу көөкөрү министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Татарстандын раиси Рустам Миннихановго тапшырды.

Салтанат чоң программадагы концерт менен коштолуп, фейерверк менен соңуна чыкты.

14