7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

VI ДКО: Салбуурун боюнча жеңүүчүлөр аныкталды

3

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2–5-сентябрь күндөрү Кырчындагы спорт шаарчасынын аймагында салбуурун боюнча мелдештер өттү.

Оюндардын программасына төмөнкүлөр киргизилген:

  • куш салуу (ителги менен аңчылык кылуу);
  • тайган жарыш;
  • далба ойнотуу (шумкар менен аңчылык кылуу);
  • бүркүт салуу;
  • ат үстүндө салттуу жаа атуу (кыргыз стили);
  • ат үстүндө салттуу жаа атуу (венгер стили);
  • жаа атуу (түрк эрежеси);
  • жаа атуу (кыргыз эрежеси).

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Бүркүт салуу мелдешине 8 өлкөдөн 18 катышуучу катышты. Бүркүт салуу:
1. Абдыкадыров Түгөлбай (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Кушкаров Арман (Казакстан) — 40 000 сом
3. Шамурат уулу Бакыт (Кыргызстан) — 30 000 сом

Далба ойнотуу мелдешине 5 өлкөдөн 10 катышуучу катышты. Далба ойнотуу:
1. Шамурат уулу Бакыт (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Бабажан Бакдөөлөт (Казакстан) — 40 000 сом
3. Кенжетаев Эрлан (Казакстан) — 30 000 сом

Куш салуу мелдешине 4 өлкөдөн 10 катышуучу катышты. Куш салуу:
1. Жалгасулы Серикболсун (Казакстан) — 50 000 сом
2. Кудайбердиев Адылбек (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Бактыбек уулу Тойлубай (Кыргызстан) — 30 000 сом

Тайган жарыш мелдешине 4 өлкөдөн 11 катышуучу катышты. Тайган жарыш:
1. Курбанов Равшанбек (Өзбекстан) — 50 000 сом
2. Жолдошов Чаткалбай (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Керимов Азизжан (Өзбекстан) — 30 000 сом

Салттуу жаа атуу (Кыргыз Республикасынын эрежеси боюнча) мелдешине 51 өлкөдөн 211 адам катышты. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында өттү. Жаа атуу (кыргыз эрежеси):
Эркектер арасында:
1. Джунусов Алмаз (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Эмилбек уулу Нурсултан (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Кочка Ласло (Венгрия) — 30 000 сом
Аялдар арасында:
1. Галымжанова Асемгул (Казакстан) — 50 000 сом
2. Айкоркем Батихкан (Казакстан) — 40 000 сом
3. Спиридонова Клара (Орусия) — 30 000 сом

Салттуу жаа атуу (Түрк эрежеси) мелдешине 51 өлкөдөн 211 адам катышты. Мелдеш эркектер жана аялдар арасында өттү. Жаа атуу (түрк эрежеси):
Эркектер арасында:
1. Джунусов Алмаз (Кыргызстан) — 50 000 сом
2. Бат-Эрдэнэ Ганзориг (Монголия) — 40 000 сом
3. Сессигюзел Али (Казакстан) — 30 000 сом
Аялдар арасында:
1. Кабдоллаева Аяш (Казакстан) — 50 000 сом
2. Садырова Асель (Кыргызстан) — 40 000 сом
3. Спиридонова Клара (Орусия) — 30 000 сом

Ат үстүндө жаа атуу (Венгер стили) мелдешине 32 өлкөдөн 160 спортчу катышты. Ат үстүндө жаа атуу (Венгер стили):
Эркектер арасында:
1. Рафаэль Мале (Франция) — 50 000 сом
2. Вермеш Балаж (Венгрия) — 40 000 сом
3. Абзал Тулыбеков (Казакстан) — 30 000 сом
Аялдар арасында:
1. Ханна Декшеи (Венгрия) — 50 000 сом
2. Ыксан Аружан (Казакстан) — 40 000 сом
3. Мэйвэнь Линь (Кытай) — 30 000 сом

4