Бүгүн, 1-декабрь алынган иммундук жетишсиздик синдромуна – ВИЧ/СПИДге каршы Бүткүл дүйнөлүк күн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылы республикада ВИЧ-инфекциясын жуктурган 675 адам аныкталган, алардын 76%ы жыныстык жол менен жуккан. Акыркы жылдарда инфекциянын жыныстык жол менен жуккан учурлары көбөйгөн.
ВИЧ-инфекциясынын натыйжасында 2020-жылы 78 адам каза болгон, алардын көбү (48 адам каза болгон) эркектер. Бирок алардын айрымдарынын өлүмүнө баңги затын ашыкча колдонуу жана башкалары себеп болгон. Өлгөндөрдүн жалпы санынын дээрлик бардыгы (99%) 30 жаштан 50 жашка чейинкилер, башкача айтканда, эмгекке жарамдуу курактагылар болгон. 2020-жылы ВИЧ инфекциясынан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды.
Бүгүнкү күндө антиретровирустук дарыларды кабыл алган ВИЧ-инфекциясы бар адамдын өмүрүнүн узактыгы ошол эле курактагы дени сак адамдын өмүрүнүн узактыгынан айырмаланбайт.
Белгилей кетсек, бул күн ВИЧ-инфекциясынын дүйнө жүзү боюнча таралышы боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана СПИД жана ВИЧ-инфекциясы бар адамдарга карата бейкалыс пикирлерге каршы күрөшүү максатында белгиленген.