7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Видео: Өзбекстанга түтүктөр менен суу уурдап бергендер кимдер? Ким текшерет?

2003

Ноокенде Өзбекстанда мыйзамсыз, уурдоо жолу менен суу өткөрүп бергендер бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиев бүгүнкү сессияда айтып чыкты.

Ал чек ара кызматынын өкүлдөрүнө кайрылып, бул жагдай боюнча текшерүү жүргүзүү укугуңар барбы деп сурады.

«Момбеков менен Ноокен айыл өкмөтүнө Майлуу-Суунун сайынан канал келет. Ал Өзбекстан менен чектеш аймактан  өтөт. Өзүбүзгө суу жетпей дыйкандар кургакчылыкта кыйналып жатса, жеке кызыкчылыгын ойлогон жарандар труба менен Өзбекстанга сууларыбызды өткөрүп берип жатат. Ушул маселени Чек ара кызматы карап, текшерүү жүргүзө алабы?«- деп суроо койду.

Ошону менен бирге, бул бир эле жерде эмес, Жалал-Абад облусу боюнча бир нече жерде экендигин эскертти. Эске сала кетсек, Ноокен районунун тургундары биздин редакцияга да жеринен тартылган тасмаларды жиберип, окуя боюнча кабарлаган болчу. Тиешелүү органдардын жооп алууга кабарчылар аракет кылууда.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал | Седьмой канал (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2004