Социалдык тармактарда кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаа багажына 4 баланы салып алып “Өтмөк” ашуусунан өтүп бара жаткандыгы тарап, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Буга ылайык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-аракеттери көрүлүп, факты Талас ОИИБнин көзөмөлүнө алынган.
Натыйжада, “Тараз-Талас-Суусамыр” автожолунун, тактап айтканда “Өтмөк” ашуусунан кызыл түстөгү “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү мамлекеттик номер 07 642 ААР сандуу автоунаага Кара-Ой айылыныны тургуну Ж.Т., Суусамыр жайлоосундагы жылында өтүп жүрүүчү чабандардын тоюна бара жатып, кошуналарынын балдарын унаага батпай калганынан багажына салып алгандыгы аныкталган.
“Айдоочу Ж.Т. бөлүмгө алынып келинип, унаасы токтотуучу жайга киргизилди. Ага карата Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин негизинде 5500 сом өлчөмүндөгү айып пул салынды”, — деп билдирет Талас ОИИБнин басма сөз кызматы.