Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүлгөнүнө ошондой эле Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел, Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жатканына байланыштуу, Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖККК бөлүмү Бишкек тарапка сапарга чыккан бардык айдоочуларга, керектүү шаймандарды алып ошондой эле дөңгөлөктөрдү кышкы сезонго ылайыктуу алмаштырып андан соң гана сапарга чыгууларын эскертет.
Азыркы учурда Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында ЖККК кызматкерлери тарабынан, такси кызматын аркалап жүргүнчү ташыган унаалардын айдоочуларынын дөңгөлөктөрү текшерилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.