18-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасы старт алды.Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Түркменстан, Иран, Монголия жана Непалдан келген курама командалар катышат.
Улуттук лиганын ачылыш аземине “Жаштык” массалык иш-чаралар жана жаштар менен иштөө дирекциясынын жетекчиси Урмат Асанбаев жана КРнын Волейбол федерациясынын президенти Элмурза Сатыбалдиев катышты.
Мелдештин биринчи күнү оюн талаасында Кыргызстан жаштар курама командасы Түркменистан курама командасын 3:1 эсебинде жеңди. Ошондой эле, Кыргызстан улуттук курама курама командасы Өзбекстандын командасын 3:0 эсебинде жеңген.
Эскерте кетсек, мелдеш 25-июнь күнү жыйынтыкталат.