7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

WhatsApp аркылуу чагымчыл маалымат тараткан жаран кармалды

126

Массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырык таштаган, чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Ал «Элге акыйкат керек», «Айта берем кайта берем», «Кыргыз коому», «Саясат, талкуу ой пикир», «Кыргызстан аңга баратат», «Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!» аталышындагы  “WhatsApp” топторунун администратору болгон.

Тактап айтканда, К.М.М. аталган мессенджерде ар кандай топторду түзүп, республикадагы коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен массалык баш аламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаганы аныкталган.

Ошондой эле, К.М.М. 2024-жылдын 17-майынан 18-майына караган түнү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандыктарды уюштурууга түздөн-түз тиешеси бар. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн мөөнөттө К.М.М. “WhatsApp” аркылуу “Бирик кыргыз” жана “Манас атанын урпактары” топторун негиздеген, ал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды тараткан.

Бул боюнча аталган жаранга УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Учурда жогоруда аталган топтордун башка администраторлорунун жана активдүү катышуучуларынын деструктивдүү аракеттерине бөгөт коюуга багытталган тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

УКМК массалык баш аламандыкка коомдук чакырыктар үчүн кылмыш жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган.

127