WhatsApp мессенджери 2023-жылдын 1-январынан тарта Apple, Samsung жана Huawei компанияларынын миңдеген смартфондорунда иштебей калат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, бул гаджет моделдерине тиркемени жаңылоодон баш тартууга байланыштуу экендиги маалымдалды. Мессенжер гаджеттердин 49 моделинде иштебей турганы белгиленген.
Тизмеге iPhone 5, iPhone 5c, Samsung Galaxy сериясындагы смартфондор, ошондой эле Huawei Ascend линиясы (D, D1, D2, G740, Mate жана P1) кирген. Кийинки жылдан тарта WhatsAppка кирүү мүмкүнчүлүгүн жогото турган смартфондордун моделдеринин арасында LG Optimus жана Sony Xperia гаджеттеринин бир нечеси, HTC Desire 500 жана Lenovo A820 да бар. Макаланын авторлору бул түзмөктөрдүн ээлери жаңыраак гаджет сатып алышы керек экендигин белгилешкен.