7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россияда кыргызстандык жубайлар көмүр кычкыл газына ууланып каза болушту

938

Якутск шаарында кыргызстандык жубайлар көмүр кычкыл газына ууланып каза болушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бул окуя Россиянын Якутск шаарында болуп, жубайлар 1992-жылы туулган М.у.Т. жана 1990-жылы төрөлгөн К.Ж. аттуу Кыргызстандын жарандары болушкан.

КРнын Якутск шаарындагы элчилигинин кеңсесинде маркумдун жакын тууганы менен жолугушуу болду.

Маркумдун сөөктөрүн Кыргызстанга алып кетүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн мамлекеттен бир жолку жөлөк пул алуунун тартиби түшүндүрүлдү жана тийиштүү зарыл документтер кабыл алынды.

Белгилей кетсек, каза болгон жубайлардын жашы жете элек баласы бар, ал Якутск шаарында жүргөн чоң энеси жана агасынын колунда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

939