7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Япония Кыргызстандан кадрларды тартууга кызыкдар

202

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров Япон коомдук фондунун эл аралык жумушчу күчүн өнүктүрүү боюнча аткаруучу төрагасы Канамори Хитоши жана И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору А.Абдраева менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө үч тараптуу меморандумга кол коюлду. Меморандум Япониянын ишканаларында квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талаптын өсүүсүн канаттандыруу, Кыргызстандан адистерди сапаттуу даярдоону камсыз кылуу жана аларга Японияда жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүү максатын көздөйт.

Министр Р.Сабиров өлкө жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн бул кадамдын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Япон коомдук фонду жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен кызматташуу биздин адистердин кесиптик даярдыгынын жана эл аралык коомчулукка интеграцияланышынын сапатын бир кыйла жогорулатат деп ишенебиз», — деди ал.

Япон коомдук фондунун аткаруучу төрагасы Канамори Хитоши Кыргызстандын демилгелерин колдоого даяр экендигин билдирди.

«Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы адамдык капиталды жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтыкты бекемдөөгө кубанычтабыз», — деди Хитоши.

Арабаева атындагы КМУнун ректору. А.Т. Абдраева университет адистерди даярдоо милдетин өз мойнуна алууга даяр экендигине ишендирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Япониянын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү — Либералдык-Демократиялык партиянын башкы кеңешинин төрагасы Тосиаки Эндонун Кыргызстанга болгон сапарында президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунун алкагында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Япониянын бир катар мамлекеттик органдарынын (Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо, эмгек жана бакубатчылык министрлиги жана Япониянын улуттук полиция агенттиги) ортосунда «Белгилүү көндүмдөрү бар кызматкер» деген меморандумга кол коюлган.

 

203