7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Япония Кыргызстанга 7,6 млн доллар кайтарымсыз жардам берет

498

Япония Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагына 7,6 млн доллар кайтарымсыз жардам берет. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, КР финансы министри Алмаз Бакетаев менен Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года жана Эл аралык кызматташтык агенттигинин КРжагы туруктуу өкүлү Кавамото Хироюкинин катышуусунда «Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун медициналык жабдууларын жакшыртуу» долбоору боюнча алмашуу ноталарына жана гранттык макулдашууга кол коюу аземи болуп, жолугушууга КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова жана Жогорку Кеңештин депутаты Талайбек Масабиров катышты.

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Япония өкмөтү 999 млн япон йен (7,6 миллион доллар) грант берип жатат.

Долбоордун максаты — саламаттык сактоо уюмдарын жугуштуу эмес ооруларды диагностикалоо жана дарылоо үчүн медициналык жабдуулар менен камсыз кылуу.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 26-январында түзүлгөн. Кыргызстанда иш-чаралар башталгандан бери JICA жана Япониянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан 30 келишимге кол коюлган, анын ичинен учурда 4 инвестициялык долбоор жана техникалык жардамдын алкагында 2 долбоор ишке ашырылууда. Долбоорлор транспорт, саламаттыкты сактоо тармактарын жакшыртууга багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

499