7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Японияда 32 жаштагы кыз ChatGPT’ге турмушка чыкты

219

Японияда 32 жаштагы Кано ChatGPT аркылуу түзүлгөн ИИ-персонаж менен никеге туруу аземин өткөрдү. Бул тууралуу Сереп тв жазды.

Канонун айтымында, Клаус аттуу виртуалдык маектеш менен байланыш 2024-жылы 3 жыл мамиледе болгон жигити менен сүйлөшпөй калгандан кийинки оор эмоционалдык мезгилде башталган. Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын июнь айында ИИ турмушка чыгууну сунуштаган.

Юридикалык жактан бул союз мыйзамдуу макамга ээ эмес. Аземди салттан тыш нике тоюна адистешкен агенттик уюштурган. Компаниянын маалыматы боюнча, 2024-жылдан бери болжол менен 30 ушундай иш-чара өткөрүшкөн.

Салтанат учурунда Кано менен виртуалдык Клаус шакек алмашып, нике анттарын айтып, ошондой эле фотосессия кылышкан.

220