7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Ыйман Нуру» партиясы “биз олигархсыз партиябыз”-деп агитациялык жүрүшүн баштады

1589

Бүгүн, шайлоо алдындагы жарыштын биринчи күнүндө “Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы жалпы Кыргызстан боюнча агитациялык жүрүшүн баштады.

Партия лидери кереметтүү Ош жергесине барып, Сулайман-Тоодо талапкерлер жана шайлоочулар менен жолукту. Андан соң, пресс-конференцияга катышты.
Иш-чарада “биз олигархсыз партиябыз” деп сөз баштаган партия лидери Нуржигит Кадырбеков партиянын программасы жана максаттары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле пресс-конференцияга партиянын атынан Камалов Эрлан, Эрнис Айдаралиев, Еланцева Ирина жана Табылды Муратбеков сөз сүйлөштү. Алар Кыргызстандагы көйгөйлөр жана аларды партиянын комплекстүү программасы аркылуу чечүү жолдорун сунушташты.

Региондордогу жана борбор калаадагы башка талапкерлер четте карап турбастан, баардык облустар жана райондордогу шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүштү. Ошондой эле партия мүчөлөрү «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барышты.

“Ыйман Нуру” адилеттүүлүк жана өнүгүү саясий партиясы республикадагы көйгөйлөрдү чечип, Кыргызстанда жашаган ар бир жарандын жаркын келечекте жашоосу үчүн баардык аракетин жумшайт!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1590