Милиция кызматкерлери дааратканага ташталган жаңы төрөлгөн ымыркайдын 18 жаштагы апасын суракка алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайдын апасы Бишкек шаарындагы Б. аттуу чала таанышы тарабынан зордукталгандан кийин боюнда болуп калганын айткан. Ал эми иш Бишкек шаарына жөнөтүлгөн. Айрым маалымат булактары ташталган ымыркайдын атасы кыздын таанышы гана эмес, жакын досу экендигин жазып чыгышууда.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында соттук-психикалык экспертиза жүрүп жатат. Анын жыйынтыгы боюнча укуктук баа берилет. Ал арада наристенин энеси баласынан баш тартпай турганын билдирген.
Эске сала кетсек, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы жеке турак үйлөрдүн биринин дааратканасынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылган. Аны үй ээси таңкы саат 5тер чамасында намазга туруп, ымыркайдын ыңаалаганын угуп дароо Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына кабарлаган. Алар ымыркайды дааратканадан алып чыгып, медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда баланын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда. Милиция кызматкерилери баласын төрөп таштаган эне 18 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну экени аныкташып, ал 7-август күнү Токтогулдагы курбусунунун үйүнө барганы белгилүү болгон. Курбусунун үйүндө бир күн түнөп, ошол жактан көз жарып, андан соң баласын дааратканага ыргытып жиберген.